Газадагы акыркы абал
Кыйроолорго карабай жер которгон палестиндер үйлөрүнө кайтууда.

Газада ок атышпоонун күчүнө кириши менен аймактагы кыйроолор ачыкка чыгууда.
Газанын түндүгүнүн 80 пайызы Израилдин чабуулдарынан талкаланды.
Урандыларды тазалоо иштери учурунда 120 палестиналыктын сөөгү чыгарылды.
Кыйроолорго карабай жер которгон палестиндер үйлөрүнө кайтууда.
Кыйрандыга айланган Газада үмүт үзүлө элек. Хамастын саясий бюросунун мүчөсү Халил аль-Хаййе курулуш иштеринин башталганын жарыялады.
Аль-Хаййе: «Биз кыйраткан эмес, курган элбиз. Израиль талкалаган жерлерди досторубуздун колдоосу менен кайра курабыз»,-деди.
Палестиналыктар урандылардан жаңы жашоо курууга чечкиндүү. Жада калса Нусейраттын талкаланган көчөлөрүндө базар да ачылды.
Ок атышпоодон кийин Газага гумжардам ташыган унаалар кирүүнү улантууда.
Бириккен Улуттар Уюму шейшемби күнү Газага 897 фуранын киргенин маалымдады.
Египет менен Газа тилкесинин ортосундагы Рафах чек ара бекетинин да Палестина тарабында жасала турган оңдоп-түзөө иштеринен кийин бир канча күндүн ичинде ачыла турганы жарыяланды.
Газадагы ок атышпоодон кийин Израиль Батыш Шериадагы чабуулдарын күчөттү.
Женинде 10 палестиналык каза тапты. 40 адам жаракат алды.
Израилдин жаңы кол салууларынан улам 600дөн ашуун палестиналык Женин качкындар лагеринен көчүрүлдү.
Израиль аскерлери Чыгыш Кудстагы Шуафат качкындар лагеринде да бир палестиналыкты жарадар кылды.
Тектеш кабарлар

Илхам Алиев Сириянын президенти Шараны куттуктады
Азербайжандын президенттигинен берилген маалыматка караганда Алиев Шарага билдирүү жөнөттү.