Франческа Албанесе Израилге каршылык көрсөттү
Бириккен Улуттар Уюмунун Палестина боюнча атайын баяндамачысы Франческа Албанесе Израиль токтотулбаса, Газа тилкесинде жасаган геноцидди оккупациядагы Батыш Шериага алып барышы мүмкүн экендигин эскертти.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Палестина боюнча атайын баяндамачысы Франческа Албанесе Израиль токтотулбаса, Газа тилкесинде жасаган геноцидди оккупациядагы Батыш Шериага алып барышы мүмкүн экендигин эскертти.
Албанесе Израиль армиясынын Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин баш калкалоочулар лагерине кечээ баштаган чоң кол салууга байланыштуу социалдык медиа эсебинен жазуу түрүндө билдирүү жасады.
Газадагы ок атышпоодон кийин Израиль армиясынын Женин качкындар лагерине кол салганына көңүл бурган Албанесе кечээки кол салууларда 10 палестиналыктын каза болгонун белгиледи.
Албанесе Израилдин Батыш Шериадагы кол салуусуна каршылык көрсөтүп: «Токтотууга мажбур болмоюнча Израилдин палестиналыктарга карата геноциди Газа менен эле чектелбейт»,-деди.
Израиль армиясынын кечээ Женин качкындар лагерине жасаган кол салууларында бирөөсү бала болгон 10 палестиналык каза болуп, 35 киши жараланды.
Аскердик унаалар жана курулуш техникалары менен Женин качкындар лагерине кирген израилдик аскерлердин кол салуулары уланууда.