Эл аралык Мунапыс уюму Лондон полициясына каршылык көрсөттү

Эл аралык мунапыс уюму өткөн апта соңунда Лондондо Палестинаны колдоо демонстрациясына кийлигишкен полициянын демонстрацияга көмөк көрсөтүү боюнча милдеттенмесин бузганын билдирди.

2233297
Эл аралык Мунапыс уюму Лондон полициясына каршылык көрсөттү

Эл аралык мунапыс уюму өткөн апта соңунда Лондондо Палестинаны колдоо демонстрациясына кийлигишкен полициянын демонстрацияга көмөк көрсөтүү боюнча милдеттенмесин бузгандыгын билдирди.

Эл аралык мунапыс уюмунун кампаниялар жана коммуникациялар боюнча директору Керри Москогиури 18-январдагы нааразылык акциясына Лондон полициясынын кийлигишүүсүнүн коркунучтуу болгондугун айтты.

Москогиури демонстрациядан мурда полициянын демонстрацияга уруксат бербей тургандыгы тууралуу билдирүүлөрүнө да каршылык көрсөткөндөрүн эске салып :  "Бул чектөөлөр мурда мыйзамсыз деп табылган, бирок аппеляцияга алып барылган жана ошол эле учурда күчүндө калтырылган мыйзамдуу ыйгарым укуктарга негизделгендей көрүнүүдө",- деди.

Көп сандаган демонстрант  чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн кармалышынын мыйзамдуу негиздеринин билдирилиши керектигин айткан  Москогиури:"Эл аралык мунапыстык уюму катары биз окуяларга кылдаттык менен көз салып турабыз. Былтыркы нааразылык акциялары негизинен тынч өткөн",- деди.

Москогиури полициянын тынчтыкчыл демонстрацияларга катышуусуна тоскоол болушунун нааразылык акцияларын  жеңилдетүү  милдетинин да  бузулушу экендигин баса белгиледи.

Лондондун Метрополитен полициясы ишемби күнү Би-Би-Синин алдында өткөрүлө турган Палестина менен тилектештик демонстрациясынына жакын жерде синагога бар деген негиз менен байланыштуу тоскоол болоорун жарыялаган.

Бул боюнча полиция менен демонстрациянын уюштуруучулары  макулдашууга жетишиле албаганын, премьр  - министрдик кеңсеси No10 да болгон Даунинг көчөсү  менен байланышкан Уайтхолл көчөсүнө чогулаарын жана  Би-Би-Синин алдына карай жүрүш болору билдирилген.

Ишемби күнкү демонстрация учурунда демонстранттар Би-Би-Синин алдына барышты, бирок полициянын кийлигишүүсүнө   кабылышты.

Полиция менен кагылышуунун натыйжасында демонстрациянын уюштуруучусу Крис Найнхам  да болгон 77 киши камакка алынды.

Жекшемби күнү бийликтеги  Жумушчу  партиянын мурдагы лидери жана көз карандысыз депутат Жереми Корбин, депутат Жон Макдоннел жана демонстрациянын башкы уюштуруучусу болгон Палестина тилектештик өнөктүгүнүн башчысы Бен Жамал түшүндүрмө берүү үчүн чакырылган.



Тектеш кабарлар