Алиев менен Зеленский жолугушту

Алиевдин Зеленский менен Украина тараптын өтүнүчү боюнча Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун (WEF) 55-Жылдык жыйындарынын алкагында жолуккандыгы маалымдалды.

2233337
Алиев менен Зеленский жолугушту

Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Украинанын президенти Владимир Зеленский Швейцариянын Давос шаарында жолугушту.

Азербайжан Президенттигинин билдирүүсүндө, Алиевдин Зеленский менен Украина тараптын өтүнүчү боюнча Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун (WEF) 55-Жылдык жыйындарынын алкагында жолуккандыгы маалымдалды. 

Жолугушууда Азербайжан менен Украинанын саясий, экономикалык жана гуманитардык карым-катнаштары, энергетика тармагындагы кызматташтык жана аймактык коопсуздук темаларынын талкууланганы белгиленди.



Тектеш кабарлар