Россиянын президенти Путин Дональ Трампты куттуктады
Россиянын президенти Владимир Путин Америка Кошмо Штаттарынын жаңы президенти Дональд Трампты инаугурациясы менен куттуктап, Украина маселеси боюнча диалогго ачык экендиктерин билдирди.

Россиянын президенти Владимир Путин Америка Кошмо Штаттарынын жаңы президенти Дональд Трампты инаугурациясы менен куттуктап, Украина маселеси боюнча диалогго ачык экендиктерин билдирди.
Путин борбор шаар Москвада Россиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту.
Жолугушууда Жакынкы Чыгыш жана Украинадагы кырдаал, ошондой эле Россия - АКШ карым - катнаштары талкууланды.
Путин жыйындагы билдирүүсүндө АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын Россия менен карым - катнашты кайра курууну каалагандыгын жана үчүнчү дүйнөлүк согушту алдын алуу керек деген сөздөрүнө көңүл буруп: «Албетте, бул мамилени ыраазычылык менен кабыл алабыз жана АКШнын шайланган президентин кызматын башташынан улам куттуктайбыз»,- деди.
Украина темасында АКШнын жаңы башкаруусу менен диалогго ачык экендиктерин баса белгилеген Путин: «Бул жерде эң маанилүү элемент кризистин түпкү себептерин жок кылуу. Маселени чечүүдө кыска мөөнөттүү ок атышпоонун түзүлүшү, кагылышуулардын улантылыш максатында аскердик күчтөрдүн кайрадан куралдандырылышы үчүн тыныгууу мүмкүн эмес. Бул аймакта жашаган бардык адамдардын, бардык элдердин мыйзамдуу кызыкчылыктарына көрсөтүлгөн урмат - сыйга таянган узун мөөнөттүү тынчтык түзүлүшү керек",- деди.
Тектеш кабарлар

Израиль-Хамас сүйлөшүүлөрү
Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид аль-Ансари маалымат берди.