Россиянын президенти : "Кытай Россиянын энергетикалык ресурстарынын эң ири керектөөчүсү"

Кремль Путин менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин видеоконференция аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берди.

2232924
Россиянын президенти  : "Кытай Россиянын энергетикалык ресурстарынын эң ири керектөөчүсү"

Россиянын президенти Владимир Путин Кытай менен болгон сооданын көлөмү 220 миллиард доллардан ашкандыгын белгилеп : "Кытай Россиянын энергетикалык ресурстарынын эң ири керектөөчүсү болуп саналат», - деди.

Кремль Путин менен Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпиндин видеоконференция аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берди. 

Сүйлөшүүдө Россия менен  Кытайдын ортосундагы карым-катнаштардын ылдам өнүгүп жатканына көңүл бурган Путин: "Москва менен Пекиндин кызматташтыгы улуттук кызыкчылыктарга жана ири державалардын ортосундагы карым  - катнаштар кандай болушу керектигине байланыштуу  окшош мамилеге негизделген”,-деди.

Путин өткөн жылдын Россия-Кытай карым-катнаштары үчүн өтө жемиштүү болгонун, Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана БРИКСтин саммиттеринде пайдалуу кеңешмелерди өткөрүшкөндөрүн  айтты.

Путин Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Чоң жыйырмалык сыяктуу уюмдар менен координациялуу иш жүргүзгөндөрүн баса белгиледи.

Эки тараптуу соода көлөмүнүн «терс тышкы кийлигишүүлөргө» карабастан жакшырып баратканына көңүлдөрдү бурган Путин: «Өткөн жылдын 11 айында соода көлөмүбүз 7 пайызга өсүп, 220 миллиард доллардан ашты. Кытай маалыматтары боюнча, өткөн жылы жалпысынан 245 миллиард долларга жетти. Кытай биздин негизги соода өнөктөшүбүз, ал эми Россия да  биздин Кытайдын бешинчи эң чоң соода өнөктөшү",- деди.

Орус газын Кытайга ташыган «Сибирь күчү» куурунун мындан 5 жыл мурда ишке киргенин эске салган Путин төмөнкүлөргө токтолду:"Кытай Россиянын энергетикалык ресурстарынын эң ири керектөөчүсү. Кытайга мунай экспорттоо боюнча биз биринчи орундабыз. Өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана башка тармактарда биргелешкен ийгиликтүү долбоорлор ишке ашырылууда. Кытайдын шаарларында "Made in Russia" жарманкелерин өткөрүү абдан ийгиликтүү болду».



Тектеш кабарлар