Индонезияда жер сел болуп жер көчкү жүрдү
Индонезиянын Ява аралында нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана жер көчкүдөн алгачкы маалыматтарга караганда 16 киши каза болду.

Индонезиянын Ява аралында нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана жер көчкүдөн алгачкы маалыматтарга караганда 16 киши каза болду.
Улуттук апаат борборунун билдирүүсүнө караганда Ява аралында ашыкча жааган жамгырдан улам сел болуп, жер көчкү жүрдү.
Ыңгайсыз аба шарттары жана жер шарттары издөө - куткаруу иштерин акырындатып жаткандыгы белгиленген билдирүүдө алгачкы маалыматтарга караганда 16 кишинин каза болгондугу жана 8 кишиден кабар алына албай жаткандыгы айтылды.
Билдирүүдө апааттан кутулган 11 кишинин айланадагы ооруканаларда дарыланып жаткандыгы маалымдалды.
Индонезияда октябрь айынан март айына чейин созулушу мүмкүн болгон жаан-чачындар тез-тез суу ташкындарына жана жер көчкүлөргө алып келиши мүмкүн.
Индонезия өкмөтү мурунку борбор шаар Жакартаны 10 миллион калкы менен жыл сайын болуп турган сел сыяктуу табигый апааттар, инфраструктура көйгөйлөрү жана жер астындагы сууларын ашыкча пайдалануунун шаардын түндүк бөлүктөрүнүн ылдам чөгүшүнө себеп болушунан улам көчүрүүнү каалагандыгын билдирген.