БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Газада калыбына келтирүү үчүн шарт түзүүгө чакырды

Гутерреш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Израиль - Палестина маселеси боюнча жогорку деңгээлдеги сессияда сөз сүйлөдү.

2232856
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш  Газада калыбына келтирүү үчүн шарт түзүүгө чакырды

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш уюмга мүчө мамлекеттерди Газадагы ок атышпоонун туруктуу болушун, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын, калыбына келтирүү жана кайра куруу үчүн шарттарды түзүүнү камсыздоого чакырды.

Гутерреш БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Израиль - Палестина маселеси боюнча жогорку деңгээлдеги сессияда сөз сүйлөдү.

Жакынкы Чыгыштын терең бир трансформация процессинен өтүп жатканын белгилеген Гутерреш:"Аймакта белгисиздиктер бар  бирок мүмкүнчүлүктөр да бар. Жакынкы Чыгыш кайра калыптанууда, бирок бул процесстин жыйынтыгы кандай болору азырынча белгисиз",-деди.

Гутерреш Жакынкы Чыгыштын бул коогалаңдуу мезгилден тынчтык жана үмүткө толгон жол менен чыгышын камсыз кылуунун жалпы жоопкерчилик экенин баса белгиледи.

Гутерреш Газадагы ок атышпоо жана туткундарды бошотуу келишиминин көптөн күткөн «жеңилдикти» камсыз кылгандыгын айтты.

Газага 630дан ашуун гуманитардык жардам унаасынын баргандыгын  айткан Гутерреш тараптардын келишимге толук түрдө баш ийүүсү керектигин баса белгиледи.

Гутерреш:"Бул келишимдин бардык туткундарды бошотууга жана Газада туруктуу ок атышпоого алып келишине шарт түзүүбүз керек",- деди.

Гутерреш Газадагы ок атышпоонун аянттагы  төрт башка темага таасир этүүсүн күткөндөрүн белгилеп, буларды төмөнкүчө тизмектеди:«БУУ агенттиктери, өзгөчө гуманитардык кийлигишүүлөрдүн негизи болгон БУУнун палестиналык качкындарга жардам  агенттиги эч тоскоолдуксуз иш-аракеттерин улантуусу, жардамдар коопсуз чөйрөдө көбөйтүлүп жана муктаж болгондорго жеткирилиши керек, жана коомдук тартипти калыбына келтирүүгө, өзгөчө медициналык эвакуацияны талап кылган бейтаптар үчүн эл аралык колдоонун берилиши, жарандарды коргоо менен жарандардын коопсуз түрдө кайтуулары үчүн керектүү өзгөртүүлөрдүн киргизилиши".

БУУнун башкы катчысы : "БУУнун Коопсуздук Кеңешин жана бардык мүчө-мамлекеттерди  Газада ок атышууну токтотууну, кагылышууларды токтотууну, күнөөлүүлөр үчүн жоопкерчиликти жана калыбына келтирүүнү колдоого чакырам",- деди.



Тектеш кабарлар