АКШда экинчи Трамп мезгили башталды
Дональд Трамп ант берип АКШнын 47 - президенти болушунан кийин дүйнө лидерлеринен куттуктоолор келүүдө.

Россиянын президенти Владимир Путин Трампты куттуктап : «АКШнын жаңы башкаруусу менен Украина тууралуу диалогго ачыкпыз»,- деди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский да АКШнын 47 - президентин куттуктап, Трамптын президент болушун: «Глобалдык маселелер да болгон көптөгөн маселенин чечилиши үчүн бир үмүт»,- деп мүнөздөдү.
Британиянын премьер-министри Кир Стармер Трампка куттуктоо катын жөнөттү.
Сириядагы жаңы администрациянын лидери Ахмед Шара да Дональд Трампты инаугурациясы менен куттуктады.
Шара билдирүүсүндө : «Эки өлкөнүн арасындагы карым - катнаштарды өнүктүрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатам»,- деди.
Бир тараптан Европа Биримдиги да куттуктоо жарыялады.
Европа Биримдигинин өкүлү Кажа Каллас :"Биргеликте глобалдык кыйынчылыктарды жеңүү үчүн күчтүүбүз жана ишенимдүүбүз" ,- деди.
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте да Трампты куттуктады.