АКШ Кубаны кайрадан "террорго колдоо көрсөткөн өлкөлөр" тизмесине киргизди

АКШнын президенти Дональд Трамп Жо Байдендин администрациясы кол койгон жарлыкты жокко чыгарып, Кубаны «террорду колдогон өлкөлөрдүн» тизмесине кошту.

2232881
АКШ Кубаны кайрадан "террорго колдоо көрсөткөн өлкөлөр" тизмесине киргизди

АКШнын президенти Дональд Трамп Жо Байдендин администрациясы кол койгон жарлыкты жокко чыгарып, Кубаны «террорду колдогон өлкөлөрдүн» тизмесине кошту.

АКШнын президенти Трамп кызматка киришкен биринчи күнүндө көптөгөн президенттик жарлыктарга кол койду.

Ак үйдөн жасалган билдирүүдө Трамп кол койгон жарлыктардын биринин  Байдендин башкаруусу мезгилинде  кол коюлган 78 жарлык жана буйруктун жоюлушну алдын ала белгилегени билдирилди.

Билдирүүдө Трамптын Байдендин башкаруусунда кол коюлган жарлыкты жокко чыгарганы жана Кубаны кайрадан «террорду колдогон өлкөлөр» тизмесине кошкондугу маалымдалды.

Бул боюнча  Кубанын президенти Мигель Диас-Канел X аккаунтунан жарыялаган билдирүүсү менен Трамптын чечимине жооп кайтарды.

Канел  "шылдыңдоо жана кордоо" деп мүнөздөгөн бул аракетти : «АКШ өкмөтүнүн тизмелерин жана бир тараптуу кысым механизмдерин дискредитациялоону ырастап жатат",- деди.

 14-январда Ак үйдөн Конгресске жөнөтүлгөн расмий билдирүүгө ылайык, Кубанын "терроризмди колдогон мамлекеттердин" тизмесинен чыгарыла тургандыгы жарыяланган.

Чечимден кийин Кубада түрдүү кылмыштар менен соттолгон айрым туткундар акырындык менен бошотула баштагандыгы билдирилген.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама 2015-жылдын 29-майында Кубаны терроризмди колдогон өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарган.

Кийинчерээк кызматка киришкен Трамп администрациясы 2021-жылдын январь айындагы мөөнөтүнүн акыркы жумасында Кубаны дагы бул тизмеге кошкон.

Тизмеде Куба менен бирге Түндүк Корея, Иран жана Сирия да бар.

 

 

 



Тектеш кабарлар