Хамас менен Израилдин ортосундагы туткундарды алмаштыруу

Хамастын Израиль менен түзүлгөн ок атышпоо жана туткундарды алмаштыруу келишиминин алкагында үч израилдик туткунду бошотушунан кийин Израилден күтүлгөн кадам ташталды.

2232196
Хамас менен Израилдин ортосундагы туткундарды алмаштыруу

Израиль Хамас менен ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмаштыруу келишиминин алкагында 90 палестиналык туткунду эркин кое берди.

Хамастын Израиль менен түзүлгөн ок атышпоо жана туткундарды алмаштыруу келишиминин алкагында үч израилдик туткунду бошотушунан кийин Израилден күтүлгөн кадам ташталды.

Хамас тарабынан үч туткун бошотулуп анын ордуна Батыш Шериадагы Рамалла шаарына жакын жердеги Офер аскердик түрмөсүндө кармалып турган 90 палестиналык туткун эркин кое берилди.

Палестиналык маалымат каражаттары, бошотулган туткундардын 69унун аял, 20сынын бала жана бирөөсүнүн өспүрүм экенин маалымдаса, боштондукка чыккан палестиналыктардын 78инин басып алынган Батыш Шериадан,12синин болсо басып алынган Чыгыш Кудстан экени кабарланды.

Хамастын аскердик канаты Изз ад-Дин ал-Кассам бригадалары Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмаштыруу келишими күчүнө киргенден кийин үч израилдик туткунду бошоткон.

Израиль армиясы бошотулган Роми Гонен, Эмили Дамари жана Дорон Штайнбрехердин Израилге барганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар