Хамас: "Келишимге жетишүүдө Түркиянын таасири чоң"

Наззал, Хамастын Дохадагы саясий кеңсесинде билдирүү жасады.

2232411
Хамас: "Келишимге жетишүүдө Түркиянын таасири чоң"

Хамастын саясий бюро мүчөсү Мухаммед Наззал, Катардын борбор шаары Дохадагы ок атышпоо сүйлөшүүлөрүндө келишимге жетишүүдө Түркиянын таасири чоң болгонун айтты.

Наззал, Хамастын Дохадагы саясий кеңсесинде жасаган билдирүүсүндө, Газадагы ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнө Түркиянын ар дайым жакындан кызыкдар болгонун белгилеп: «Түркия бул сүйлөшүүлөргө өзгөчө акыркы айларда кылдаттык менен байкоо салышты. Израиль Түркиянын активдүү ролуна каршы болгонуна карабастан биз Түркиянын кандайдыр бир жол менен процесске катышуусу керектигин ар дайым айтып келгенбиз»,-деди.  

Наззал ок атышпоо сүйлөшүүлөрүндө келишимге жетишүүдөгү Түркиянын таасирине көңүлдөрдү буруп: «Түрктөр үстөлгө отурбаса да, сүйлөшүүлөрдүн туруктуу жана чечкиндүү жолдоочулары болуп, окуяларды тынымсыз байкап турушту. Сүйлөшүүлөрдүн жана натыйжада келишимдин бул чекке жетишинде таасири чоң»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар