IDDEFтин гуманитардык жардам фуралары Газада

Ок атышпоо чечиминен кийин Египеттин Рафах чек ара бекетинен Газага гуманитардык жардам жүктөлгөн фуралар жөнөтүлдү.

2232558
IDDEFтин гуманитардык жардам фуралары Газада

Баш кеңсеси Стамбулда жайгашкан Адамзатка кам көргөн ассоциациялар федерациясы (IDDEF), Израиль менен Хамастын ортосундагы ок атышпоодон кийин Газага жардам көрсөтүүнү улантууда.

Ок атышпоо чечиминен кийин Египеттин Рафах чек ара бекетинен Газага гуманитардык жардам жүктөлгөн фуралар жөнөтүлдү.

Биринчи этапта күрүч, шекер жана май сыяктуу негизги азык-түлүктөрдү ташыган жүк ташуучу унаалар, IDDEF топтору тарабынан өткөрүлүп алынып муктаждарга таратыла баштады.

IDDEF, кайрымдуулардын колдоосу менен Газа элине тез жардам унаалары, медициналык жабдуулар, тамак-аш, жашылча-жемиш, ысык тамак, эт консервалары, чатырлар, суу, нан, ун жана кышкы кийим-кече менен колдоо көрсөтүүнү улантат.



Тектеш кабарлар