Эйланд: «Согуш бүттү, Хамас жеңди»
Эйланд: «Согуш бүттү жана уланбайт. Бул согуш Израилдин Газадагы катаал ийгиликсиздиги», - деп баа берди.

Израилдин Улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы төрагасы Гиора Эйланд согуш бүтүп, Хамас жеңгенин билдирди.
Израиль менен Хамастын ортосундагы ок атышпоо жана туткун алмашуу келишими күчүнө киргенден кийин Эйланд «Маарив» гезитине баа берип, «Хамас жеңишке жетишти, бир гана максаттарына жетпестен, биздин максаттарыбызга жетишибизге да тоскоол болду»,- деди.
Эйланд: «Согуш бүттү жана уланбайт. Бул согуш Израилдин Газадагы катаал ийгиликсиздиги», - деп баа берди.
Газанын түндүгүндөгү катуу курчоого жана палестиналыктардын мажбурлап көчүрүлүшүнө байланыштуу «Генералдардын планынын» атасы деп эсептелген Эйланд: «Бул согуш абдан жөнөкөй бир себептен улам ийгиликсиз болду; өз көз карашы боюнча Хамас Израилдин максаттарына жетүүсүнө тоскоол болуу менен гана чектелбестен, Израилдин өз максаттарына жетишине да бөгөт коюуга жетишти. Ошону менен бирге ал өз максаттарына жетип, жеңип чыкты жана (Газада) өз көзөмөлүн сактап калды»,деп айтты.
Тектеш кабарлар

АКШ Израилге курал сатууну бекитти
АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге 7,4 миллиард долларлык жаңы курал сатат.