Асаддын маңзаттары жок кылынды

Баш калаа Дамаскта Сирия-Ливан автожолунда 4-дивизиянын башкы кеңсесиндеги кампалардан табылган маңзаттар пикаптар менен ачык аймакка ташылды.

2232173
Асаддын маңзаттары жок кылынды

Кулатылган Баас режиминин лидери Башар Асаддын бир тууганы Махер Асаддын командачылыгындагы 4-дивизиянын штабында табылган маңзаттар өрттөлүп жок кылынды.

Баш калаа Дамаскта Сирия-Ливан автожолунда 4-дивизиянын башкы кеңсесиндеги кампалардан табылган маңзаттар пикаптар менен ачык аймакка ташылды.

Каптагон жана марихуана сыяктуу баңгизат салынган баштыктар 4-дивизиянын комплексиндеги чуңкурга тизилди.

Башкы коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлери аймакта чара көрүп, тонналаган баңги затты өрттөп жок кылышты.

Асад режиминин акыркы жылдарда өзгөчө Перс булуңундагы өлкөлөргө баңгизат ташып жатканы белгиленди.



Тектеш кабарлар