Палестинага карата колдоо митингдери уланууда

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында Палестинаны колдогон митингдер өттү.

2231980
Палестинага карата колдоо митингдери уланууда

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында Палестинаны колдогон митингдер өттү.

Газадагы палестиналыктарга тилектештик көрсөтүү үчүн чогулган митингчилер  ок атышпоо жарыяланышынан кийин Израилден Палестинаны басып алууну токтотууну талап кылышты.

Газадагы ок атышпоо келишиминен улам Ирандын борбор шаары Тегеранда да кубанычтуу митинг өткөрүлдү.

Борбор шаардагы  Мусалла мечитинин аймагында өткөн митингге  катышкандар Иран жана Палестинанын желектерин көтөрүп, АКШ менен Израилге каршы ураандарды чакырышты.

Йемендин борбор шаары Санадагы Себин аянтына чогулган миңдеген митингчи  Палестинага колдоо көрсөтүштү.

Индонезиянын борбор шаары Жакартада Израиль менен Хамастын ортосундагы ок атышпоо келишиминен кийин Палестина эли менен тилектештик иретинде АКШ элчилигинин алдына тынчтык митингин өткөрүү үчүн жүздөгөн киши чогулду.



Тектеш кабарлар