Лос-Анжелесте өрт менен күрөш улантылууда

27 адамдын өмүрүн алган өрттө 40 миң гектар жер күлгө айланды.

2232016
Лос-Анжелесте   өрт менен күрөш улантылууда

Америка Кошмо Штаттарынын  Лос-Анжелес шаарында бир жумадан ашык убакыттан бери өрт менен күрөш улантылууда.

27 адамдын өмүрүн алган өрттө 40 миң гектар жер күлгө айланды. 12 300дөн ашык үй жана ишкана жок болду.

Палисаде  өртүнүн  27 пайызы көзөмөлгө алынып, Итондогу өрттүн да  55 пайызы өчүрүлдү.

Аймакта кооптуу болгон электр жана газ чубалгылары үзүлүүдө.

Өрт өчүрүүчүлөр дайынсыз жоголгондугу  болжолдолгон  30 адамды уранды астынан иттер менен издеп жатышат.

Монтерей булуңундагы электр станциясында да өрт чыкты.

Өрттүн  ТЭЦтеги энергия сактоочу жайдан чыкканы аныкталды.

Жолдор жабылып, тегеректегилер эвакуацияланды. Өрт чоң өлчөмдө көзөмөлгө алынды.

Өрттөн улам шаарда билим берүү да үзгүлтүккө учурап 14 миң окуучу окуган мектеп жабылды.

Окуучуларга  катышуу милдеттүү болбогон онлайн курстар сунушталууда.

Өрт жол ачкан  экономикалык чыгым 250-275 миллиард доллар болору болжолдолууда.



Тектеш кабарлар