Хаджа Лахбиб   Сирияга колдоо билдирүүсүн жарыялады

Мурдагы журналист Лахбиб Дамасктагы расмий иш сапары учурунда Омейяд аянтында билдирүү жасады.

2231985
Хаджа Лахбиб   Сирияга колдоо билдирүүсүн жарыялады

Европа Биримдигинин (ЕБ) Теңдик, Даярдык жана Кризистик башкаруу боюнча комиссары Хаджа Лахбиб  Сириянын борбору Дамаскка жасаган расмий сапары учурунда шаардын символу болгон Омейяд аянтындагы билдирүүсүндө  өлкөнүн кайра курулушун колдогондорун айтты.

Мурдагы журналист Лахбиб Дамасктагы расмий иш сапары учурунда Омейяд аянтында билдирүү жасады.

Лахбиб жеке уюлдук телефону жана гимбалл  тартып алган X аккаунтунан жарыялаган билдирүүсүндө : «Дамасктын көчөлөрүнөн тарых жазылган жана жазылууну да улантып жаткан, айтып бүткүс зордук-зомбулук болгон  бирок  азыр бардык сириялыктар үчүн жаркын келечек жана үмүт чырагы болгон  Омейяд аянтында басып баратам",- деди. 
 "Эми алдыдагы жолду  сириялыктардын кыйынчылыгын жеңилдетүү үчүн басып өтөбүз. Гуманитардык муктаждыктар абдан чоң, бирок биз тынчтык жана айыктыруу үчүн жаңы пайдубалды түптөй алабыз",- деди Лахбаб.

Жарыяланган видеодо Лахбиб Дамасктын көчөлөрүндө жарандар жана жарандык коомдун кызматкерлери менен жолугуп, Дамаск көчөлөрүндө  жүргүзүп жаткан изилдөөлөрүнө орун берди.



Тектеш кабарлар