Россия Украинанын кол салуу аракеттерине жооп берерин билдирди
Өткөн жылы АКШ менен Британиянын Украинанын Россиянын жерлерин узун аралыкка атуучу куралдар менен атышына уруксат бергендиги билдирилген.

Россия Украинанын Белгород аймагына Америкада жасалган алыс аралыкка учуучу кургактыктагы тактикалык ракеталык системаларыны (АТАКМС) ракеталары менен кол салууга аракет кылганын жана буга жооп берерин билдирди.
Россиянын Украинанын кыймылдарына жооп кайтара турганы баса белгиленген билдирүүдө : «Россиянын Коргоо министрлиги жооп кайтаруу максатында кол салуу үчүн чара көрөт",- деп айтылды.
Өткөн жылы АКШ менен Британиянын Украинанын Россиянын жерлерин узун аралыкка атуучу куралдар менен атышына уруксат бергендиги билдирилген.
Украина маал-маалы менен ATACMS жана Storm Shadow канаттуу ракеталары менен Россиянын жерлерине чабуул жасаган.
Россиянын Коргоо министрлиги буга жооп катары Украинанын энергетика элементтерин жогорку тактыктагы куралдар менен аткандарын жарыялаган.