Лос - Анжелесте чыккан өрт билим берүүнү үзгүлтүккө учуратты
Лос-Анжелестин бирдиктүү мектеп округунун башчысы Альберто Карвальонун билдирүүсүнө караганда бир нече мектеп күйүп же олуттуу зыянга учураган.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында жана ага жакын аймактарда 11 күндөн бери уланып жаткан өрттүн кесепетинен билим берүү үзгүлтүккө учурады.
Лос-Анжелестин бирдиктүү мектеп округунун башчысы Альберто Карвальонун билдирүүсүнө караганда бир нече мектеп күйүп же олуттуу зыянга учураган.
Өрттөн улам шаарда билим берүүнүн олуттуу түрдө үзгүлтүккө учураганын белгилеген Карвальо өрттөн жабыркаган кээ бир мектептердин кайра курулушунун эки жылдан ашык убакытка созулушу мүмкүн экенин белгиледи.
Өрттүн кесепетинен жараксыз абалга келген айрым мектептердин окуучулары убактылуу аймактагы коопсуз мектептерге которулду.
Шаардын төрт тарабындагы мугалимдер да окуучулардын билим алуусун улантуу жана өрт учурунда "нормалдуулукту" калыбына келтирүү жолдорун иштеп чыгууга аракет кылып жатышат.
Кээ бир мектептерде балдар окуусун улантуусу үчүн жаңы жер издеп, балдардын иш-чараларга катышуусуүчүн жолугушууларды жана саякаттарды уюштурушууда.
Пасадена бирдиктүү мектеп району 14,000 окуучу билим алган бардык мектептерди жаап, анын ордуна окуучулардын катышуусунталап кылбаган онлайн иш-чараларды сунуш кылды.
Лос - Анжелесте 7-январь күнү эртең менен Тынч океан Палисадесчөлкөмүндө башталган жанаИтон, Херст, Сансет жана Вудли аймактарын ылдам курчаган токой өрттөрүндө ушул кезге чейин 25 киши каза болду.
Миңдеген акр жерди күлгө айландырган өрттүн кесепетинен келтирилген жалпыэкономикалык жоготуу 250-275 миллиард доллар деп белгиленди.