Итамар Бен-Гвир : "Ок атышпоо боло турган болсо өкмөттөн чыгамын"
Израилде ашыкча оңчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир Газада ок атышпоо жана туткун алмашуу келишими ишке кире турган болсо өкмөттөн чыгарын билдирди.

Израилде ашыкча оңчул Улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир Газада ок атышпоо жана туткун алмашуу келишими ишке кире турган болсо өкмөттөн чыгарын билдирди.
Министр Бен-Гвир өткөргөн пресс- жыйынында кабинетинде добушка коюла турганок атышпоо жана туткундарды алмашуу келишими ишке кире турган болсо лидери болгон Еврей күчү партиясын өкмөттөн чыгарарын жарыялады.
Вен – Гвир : «Бул келишим бекитилип жана ишке ашырыла турган болсо Еврей күчү партиясы өкмөттө болбойт жана өкмөттөн чыгат»,- деди.
Министр Бен- Гвир буга чейин коалициянын башка ашыкча оңчул ысымы финансы министри Безалел Смотрихти да тоскоол болу үчүн кызматташтыкка чакырган.
Израилде тарайтылган коопсуздук кабинетинин Газада ок атышпоо жана туткун алмашуу келишимине байланыштуу келишпестиктердин жоюулушунан кийин келишимди бекитүү үчүн бүгүн чогулары билдирилген.
Израилдин саясий системасына караганда өкмөттүнкеминде61 депутатка ээ болушу керек жана учурдагы өкмөт парламенттеги120 орундуктун 68ге ээ.