Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газа тилкесинде 469 күндөн берки кол салууларына байланыштуу маалымат берилди.

Израилдин 469 күндөн бери кол салууларын улантып жаткан Газа тилкесинде каза болгондордун саны 46 миң 876га, жаралуулардын саны 110 миң 642ге жеткени кабарланды.
Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесинде 469 күндөн берки кол салууларына байланыштуу маалымат берилди.
Билдирүүдө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинде палестиналык үй-бүлөлөргө каршы «төрт кыргын» жасаганы, бул кол салууларда 88 кишинин каза болгондугу белгиленди.
Израилдин акыркы бир күндө жасаган кол салууларында 189 палестиналыктын жараланганы маалымдалды.
Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине карай кол салууларында каза болгондордун саны 46 миң 876га, жаралуулардын саны 110 миң 642ге жеткени билдирилди.