Түштүк Корея менен НАТОдон Түндүк Корея менен Орусияга чакырык
Түштүк Кореянын коргоо министринин орун басары Чо Чанг Рае борбор шаар Сеулда НАТОнун башкы катчысынын саясий иштер жана коопсуздук саясаты боюнча орун басары Борис Руге менен жолугушту.

Түштүк Корея менен НАТО Түндүк Корея менен Орусиянын ортосундагы аскердик кызматташтыкты дароо токтотууга чакырды.
Түштүк Кореянын коргоо министринин орун басары Чо Чанг Рае борбор шаар Сеулда НАТОнун башкы катчысынын саясий иштер жана коопсуздук саясаты боюнча орун басары Борис Руге менен жолугушту.
Сеулда жайгашкан Йонхап агенттигинин маалыматына караганда, жолугушууда эки тарап Корей жарым аралындагы коопсуздук кырдаалын талкуулашып, Түндүк Корея менен Орусиянын ортосундагы «мыйзамсыз аскердик кызматташтыкка» байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти.
Бул кызматташтыкты дароо токтотууга чакырган эки тарап Түштүк Корея менен НАТОнун ортосундагы коопсуздук жана коргонуу кызматташтыгынын маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Москва менен Пхеньяндын мамилеси
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги, Москва менен Пхеньяндын ортосунда июнь айында кол коюлган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишиминин декабрда күчүнө киргенин жарыялаган.
Бул келишим тараптардын бирине кол салуу болгон учурда өз ара аскердик жардам көрсөтүүнү көздөгөнү, Түндүк Чыгыш Азия жана Азия Тынч океан аймактарында бөлүнгүс коопсуздук системасын жана көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти түзүүгө салым кошоору айтылган.