Трамптын билдирүүсү
Дональд Трамп Truth Social социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, тараптардын ортосунда келишим түзүлгөнүн жарыялады.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) шайланган президенти Дональд Трамп, Израиль менен Хамастын Газада ок атышпоо боюнча келишимге жетишилгенин кабарлады.
Дональд Трамп Truth Social социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, тараптардын ортосунда келишим түзүлгөнүн жарыялады.
Трамп билдирүүсүндө: «Жакынкы Чыгышта туткундар темасында келишим түзүлдү (Газада ок атышпоо). Туткандар эркиндикке чыгышат. Рахмат»,-деди.
Андан кийинки билдирүүсүндө болсо Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Виткоффко да рахмат айтып, Газанын террористтер үчүн коопсуз баш калкалоочу жайга айланбашы үчүн Израиль жана башка союздаштары менен тыгыз кызматташууну уланта тургандарын баса белгиледи.
Келишимдерди кеңейтүүнү уланта тургандарын айткан Трамп: «Бул Америка жана дүйнө үчүн ишке аша турчу сонун нерселердин башталышы гана»,-деп баа берди.
Бир тараптан Израилдин таркатылган коопсуздук кабинети Газада ок атышууну токтотуу жана туткундарды алмаштыруу келишимин бекитүү үчүн чогулат.
2023-жылдын октябрынан бери Израилдин Газа тилкесине жасаган чабуулдарынан 45 миңден ашуун палестиналык набыт болду.
Тектеш кабарлар

АКШ Израилге курал сатууну бекитти
АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге 7,4 миллиард долларлык жаңы курал сатат.