Россия менен Украина туткун алмашты
Россиянын коргоо министрлиги Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) арачылыгында Украина менен туткун алмашуунун ишке ашырылганын билдирди.

Россия менен Украинанын ортосунда түзүлгөн туткун алмашуунун алкагында 25 аскер өз ара бошотулду.
Россиянын коргоо министрлиги Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) арачылыгында Украина менен туткун алмашуунун ишке ашырылганын билдирди.
Билдирүүдө : «Сүйлөшүү процессинин натыйжасында Киев башкаруусунун көзөмөлүндөгү жерлерден 25 орус аскери алынды. Бул үчүн 25 Украина аскери да берилди. Бошотулган орус аскерлери Беларуста жана аскерлерге керектүү медициналык, психологиялык жардам берилүүдө. Аскерлерибиз министрликке таандык саламаттыкты сактоо борборлорунда дарылануу үчүн Москвага алып барылат»,- деп айтылды.
Украинанын президенти Владимир Зеленский да социалдык медиа эсебинен : «25 аскер жана жараныбыз үйүнө кайтууда. Булардын оор жаралары жана оорулары бар. Ар бирине керектүү медициналык жардам берилет»,- деп билдирди.
Зеленский Бириккен Араб Эмирликтерине ортомчулук аракеттеринен улам ыраазычылык билдирди.
30 – декабрда да Россия менен Украинанын ортосундагы туткун алмашууда орус жана украиналык 300дөн ашуун аскердин өлкөлөрүнө кайткандыгы билдирилген.