Ок атышпоо келишимине карабастан Израиль кол салууларын улантты

Палестинанын маалымат агенттиги WAFAда орун алган кабарга караганда Израиль армиясынын Газадагы Шейх Рыдван мааласына жасаган кол салуусунда 20 палестиналык каза болду.

2231298
Ок атышпоо келишимине карабастан Израиль кол салууларын улантты

Израилдин аскердик учактары жекшемби күнү ишке кире турган ок атышпоонун жарыяланышынан кийин Газа тилкесинин түндүгүнө жана Газа шаарына жасаган абадан кол салууларында  38 палестиналык каза болду.

Абадан кол салууларда бутага алынган аймактарда чоң жарылуулар болду.

Бул аймактардан калың түтүн көтөрүлүп чыкты.

Палестинанын маалымат агенттиги WAFAда орун алган кабарга караганда Израиль армиясынын Газадагы Шейх Рыдван мааласына жасаган кол салуусунда 20 палестиналык каза болду.

Газадагы жарандык коргоо директорлугу да шаардын батышында жасалган абадан кол салуулардан кийин  5 кишинин сөөгү жана  10 жаралуунун эвакуациялангандыгын билдирди.

Шаардын чыгышындагы Ед  -  Дераж мааласындагы Небих үй  - бүлөсүнүн үйүнө жасалган кол салууда  3 палестиналык, ел  - Мунир үй  - бүлөсүнө тандык имаратка карата абадан кол салууда  да  4 палестиналык каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Еш – Шужаийе мааласында бир үй бутага алынган абадан кол салууда да  1 кыз бала каза болду.

Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарында да Ел  -  Лихам үй  - бүлөсүнүн үйүнө жасалган кол салуда   2 палестналык каза болду.

Кечээ кечки сааттарда Израиль менен Хамастын арасында Газада ок атышпоо жана туткундарды алмашуу тууралуу келишимдин түзүлгөндүгү жарыяланып, келишимдин жекшемби күнү ишке кирери белгиленди.



Тектеш кабарлар