Нигерияда көп сандаган аскер жана жаран дайынсыз болуп жатат

Нигериянын түндүк - чыгышындагы Борно штатында 13-январда террордук уюм Боко Харам тарабынан жасалган кол салуудан кийин көптөгөн аскер жана жаран дайынсыз болууда.

2231411
Нигерияда  көп сандаган аскер жана жаран дайынсыз болуп жатат

Нигериянын түндүк - чыгышындагы Борно штатында 13-январда террордук уюм Боко Харам тарабынан жасалган кол салуудан кийин көптөгөн аскер жана жаран дайынсыз болууда.

Нигерия армиясынан атынын аталышын каалабаган бир жетекчи жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маалыматта13-январда Борнодо террористтер тарабынан өлтүрүлгөн 40 кишинин сөөгүн алып чыгууга аракет кылган аскерлердин буктурмага кабылгандыгын айтты.

Жетекчилер кол салуудан кийин көп сандаган аскер жана жарандан кабар алына албагандыгын айтышты.

Аймакка кошумча коопсуздук күчтөрүнүн жиберилгендигин айткан жетекчи дайынсыз жоголгондорду табуу аракеттеринин башталганын билдиришти.

Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар кол салууда кеминде 50 кишинин, анын ичинде аскерлердин да дайынсыз жоголгондугун белгилешти.

13-декабрда Боко Харам террордук уюмунун мүчөлөрү Борно штатынын Думба аймагында дыйкандар менен балыкчыларга кол салып, 40 киши каза болгон.

Нигерияда 2000-жылдардын башында чыккан Боко Харамдын 2009-жылдан бери жасап келе жаткан массалык террордук кол салууларында он миңдеген адам каза болду. Өлкөдөгү террордук кол салуулардан жана кагылышуулардан улам жүз миңдеген адам миграцияга аргасыз болду.

Боко Харам террордук уюму  2015 -  жылдан бери өлкөнүн чек ара коңшулары Камерун, Чад жана Нигерде да кол салуулар жасалды. Уюмдун Чад көлү аймагындагы кол салууларында кеминде  2000 киши каза болду.



Тектеш кабарлар