Израилдин сүйлөшүүлөрдү улантып жатканы билдирилди

Израилдин тышкы чалгындоо агенттиги Моссаддын директору Дэвид Барнеа жана Израилдин сүйлөшүү делегациясынын келишимдин чоо-жайын талкуулоо үчүн Дохада экени айтылды.

2231437
Израилдин сүйлөшүүлөрдү улантып жатканы билдирилди

Израилдин сүйлөшүү делегациясынын, Газадагы ок атышпоо жана туткун алмашуу келишиминин деталдары тууралуу сүйлөшүүлөрүн Катардын борбор шаары Дохада улантканы билдирилди.

The Times of Israel гезитинин жазганына караганда, Израилдин тышкы чалгындоо агенттиги Моссаддын директору Дэвид Барнеа жана Израилдин сүйлөшүү делегациясынын келишимдин чоо-жайын талкуулоо үчүн Дохада экени айтылды.

Кабарда Израиль делегациясынын бошотула турган палестиналык туткундардын ысымдары баш болгон өз ара пикир келишпестиктерди талкуулап жаткандары маалымдалды.

Израилде коопсуздук кабинети бүгүн эртең менен Газада ок атышпоо жана туткундарды алмашууга добуш берүү үчүн чогулары күтүлүп жаткан, бирок Нетаньяхунун кеңсеси Хамасты келишимдин айрым жоболорунан баш тартуу менен долбоорду өзгөрттү деп айыптап, жыйындын кийинкиге калтырылганын жарыялаган.

Хамастын Саясий бюросунун мүчөсү Иззат ал-Рашак болсо келишимге баш ийгендерин билдирген.

Хамас менен Израилдин Газада ок атышпоо жана туткун алмашуу келишимине ортомчулук кылган Катар кечээ кечинде тараптардын ок атышпоо жана өз ара туткун алмашуу боюнча 19-январда баштала турган келишимге жетишкенин жарыялаган.

Ак үйдө 20-январда кызматка кирише турган АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп да тараптардын бир пикирге келгенин ырастаган.



Тектеш кабарлар