Индиядагы абанын булганышы
Дели билим берүү департаменти мамлекеттик жана жеке мектептерде гибриддик билим берүү моделине өтүү буйругун берди.

Индиянын Дели штатында абанын сапаты нормадан төмөн түшүп кеткендигине байланыштуу бардык мектептерде 9-класстан баштап гибриддик билим берүүгө өтүү чечими кабыл алынды.
Hindustan Times гезитинин маалыматына караганда, Делидеги абанын сапаты индекси (AQI) кечээ 396га жетип коркунучтуу деңгээлге көтөрүлгөндөн кийин Дели билим берүү директорлугу мамлекеттик жана жеке мектептерде гибриддик билим берүү моделине өтүү буйругун берди.
Ага ылайык, борбор калаадагы мектептерде 9-класстан баштап бардык окуучулар жуманын белгилүү күндөрүндө онлайн сабактарга катышат.
Абанын сапаты жылдын белгилүү бир мезгилдериде эң төмөн болгон 500 деңгээлине жакындаган Делиде чара көрүүнүн алкагында шаардын борборлорундагы билим берүүгө убактылуу тыныгуу берилип, бардык зарыл эмес курулуш иштери да токтотулууда.
Тектеш кабарлар

АКШ Израилге курал сатууну бекитти
АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге 7,4 миллиард долларлык жаңы курал сатат.