Грузияда жеке сектордун кызматкерлери иш таштоого чыкты
Грузияда жеке сектордун айрым кызматкерлери өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн токтотулушуна нааразычылык билдирип, үч сааттык иш таштоого чыгышты.

Грузияда жеке сектордун айрым кызматкерлери өлкөнүн Европа Биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн токтотулушуна нааразычылык билдирип, үч сааттык иш таштоого чыгышты.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзенин өлкөсүнүн Европа Биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын 4 жылга токтотуу чечимине каршы 2024-жылдын 28-ноябрында башталган демонстрациялар 49 күндөн бери уланууда.
Борбор шаар Тбилиси жана өлкөнүн башка аймактарында айрым жеке сектор кызматкерлери кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дөн 18:00гө чейин иш таштоо менен өкмөттүн Европа Биримдигине байланыштуу чечимине каршы чыгышты.
Түрдүү тармактардын кызматкерлери өкмөткө парламенттик шайлоону кайра жаныртууга чакырышты.
Тбилисинин кээ бир райондорунда демонстранттар иш жерлеринин эшигине чыгып, желектерди илишип "Мен иш таштоодомун" деген плакаттарды көтөрүштү.
Кечки сааттарда Шота Руставели проспктисинде чогулган демонстранттар парламент имаратын көздөй жөнөштү.
Иш таштагандар өлкө боюнча Европа Биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышын токтотуу чечимине нааразычылык билдирип, ошондой эле камактагыларды бошотууну талап кылышты.
Тбилисиде парламент имаратынын алдында демонстрациялар уланууда.
Европа Биримдиги, АКШ, Грузиянын мурдагы президенти Саломе Зурабишвили жана оппозиция бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы жеңген парламенттик шайлоону кабыл албай жатат жана өкмөттүн Европа Биримдигине кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону токтотуусуна каршылык көрсөттү.
Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе өкмөтү Батыш колдогон кээ бир күчтөр, Зурабишвили жана оппозицияны “көчө демонстрациялары” менен бийликти кулатууга аракет кылууда деп айыптоодо.
АКШ жана кээ бир Европа өлкөлөрү Грузиянын өкмөт өкүлдөрүнө каршы санкцияларды киргизди.