Байден акыркы жолу элге кайрылуу жасады

Төрт жылдык мөөнөтү бүтөөрүнө саналуу күндөр калганда Жо Байден Ак үйдө түз эфирде акыркы жолу Америка элине кайрылды.

2231302
Байден акыркы жолу элге кайрылуу жасады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Израиль менен Хамастын Газада жетишилген ок атышпоону командасынын ийгилиги катары жактады.

Төрт жылдык мөөнөтү бүтөөрүнө саналуу күндөр калганда Жо Байден Ак үйдө түз эфирде акыркы жолу Америка элине кайрылды.

Байден сөзүнүн башында Газада Израиль менен Хамастын ортосунда жетишилген ок атышпоо келишимине токтолуп, ок атышпоонун май айында алдыга койгон планына ылайык ишке ашырылганын жана мунун командасынын ийгилиги болгонун айтты.

Дүйшөмбү күнү кызматка кирише турган жаңы башкарууну бул темада кабардар кылгандарын белгилеген Байден, аты-жөнүн атабастан, ок атышпоонун урматынын мураскери Дональд Трампка эмес, өзүнө жана командасына таандык экенин айтты.

Жо Байден: «Бул план менин командам тарабынан иштелип чыккан жана сүйлөшүлгөн, бирок негизинен келген администрация тарабынан аткарылат. Ошондуктан мен өзүмдүн командама жаңы жетекчиликке кеңири маалымат берүүнү айттым»,-деди.

Америка демократиясынын бардык кыйынчылыктарына карабай 4 жылда 17 миллион жаңы жумуш орундарын түзүп, өзгөчө жогорку технологияда күчтүү кадамдарды таштаганын белгилеген Байден, тышкы саясатта Кытай менен дүйнөлүк атаандаштыкка жана алардын Украинаны Орусияга каршы колдоосуна көңүл бурду.

АКШнын мурдагы президенти Дуайт Эйзенхауэрдин «аскердик-өнөр жай комплекси» тууралуу эскертүүсүнө шилтеме жасаган Байден: «Мени бирдей эле биздин өлкө үчүн реалдуу коркунуч туудурушу мүмкүн болгон технологиялык-өнөр жай комплексинин потенциалдуу өсүшү тынчсыздандырат. Бүгүнкү күндө Америкада ашыкча байлык, бийлик жана таасирдүү олигархия калыптанып жатат»,-деп айтты.

Байден технология-өнөр жай комплексинин өсүшү Америка элине фундаменталдык укуктар жана демократия боюнча коркунуч жаратышы мүмкүн деп түшүндүрдү.

Жасалма интеллект тармагындагы өнүгүүлөрдүн бүгүнкү технологиянын жүрүшүн аныктаганын белгилеген Байден: «Биз ЖИ бүт адамзат үчүн коопсуз жана ишенимдүү болушуна кепилдик беришибиз керек. ЖИ тармагында пионер Кытай эмес, АКШ болушу керек»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар