АКШнын Орусияга киргизген жаңы санкциялары
Билдирүүдө санкцияларды айланып өтүү үчүн орус бийликтери жана АКШ санкция салган банк менен координацияланган Кыргызстандагы «Керемет банк» каржы мекемеси да бутага алынганы айтылган.

Бул алкакта сөз болгон планга кирген Орусиядан 6 уюм менен 1 адам жана Кытайдан 9 уюм санкция тизмесине киргизилди.
Санкцияларды айланып өтүү үчүн орус бийликтери жана АКШ санкция салган банк менен координацияланган Кыргызстандагы «Керемет банк» каржы мекемеси да бутага алынганы айтылган билдирүүдө, ансыз деле санкцияларга кабылган 100гө жакын мекеменин Орусиянын каржы, коргонуу жана энергетика тармагындагы операцияларга көмөктөшкөн деген жүйө менен кайра аталгандыгы белгиленди.
Билдирүүдө жаңы санкцияланган субъектилердин кай бири үчүн же анын атынан олуттуу бүтүмдөрдү жасоого атайылап ортомчулук кылган чет элдик адамдар милдеттүү түрдө экинчи даражадагы санкцияларга дуушар болушу мүмкүн экени баса белгиленген.
АКШнын Мамлекеттик департаменти 150дөн ашуун уюмга жана адамдарга, анын ичинде ар кандай орусиялык коргонуу өнөр жай ишканаларына жана аскердик өнөр жай базасын колдогондорго да санкция киргизгени белгиленген билдирүүдө, бүгүнкү санкцияларда Орусиянын АКШнын санкцияларынан качуу аракетине колдоо көрсөтүүнү уланткан Кытай баш болгон көптөгөн өлкөнүн фирмалары да бар экени айтылды.
Билдирүүдө баа берген АКШнын Казына министринин орун басары Уолли Адейемо, бүгүн ташталган кадамдардын Орусиянын АКШнын санкцияларын бузуусуна жана Украинадагы согуш үчүн курал өндүрүү үчүн керектүү товарларга жетүүгө бөгөт болгонун баса белгиледи.
Адейемо экинчи даражадагы санкцияларды кеңейтүү Орусиянын киреше жана товарларга болгон мүмкүнчүлүгүн азайтаарын билдирди.