Украинанын орус аймагына кол салуу аракети

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинанын орус аймагына кол салуу аракетине жооп кайтарылганын жарыялады.

2230629
Украинанын орус аймагына кол салуу аракети

Орусиянын Коргоо министрлиги, Украинанын орус аймагына Батыш өндүрүшүндөгү алыс аралыкка учуучу Кургактыктан тактикалык ракета системалары (ATACMS) жана «Storm Shadow» (Бороон көлөкөсү) канаттуу ракеталары менен кол салуу аракетине жооп кайтарылганын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүндө, Украина аймагынан Брянск аймагындагы орус элементтерине ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу аракети жасалганы айтылды.

Билдирүүдө Америка өндүшүндөгү 6 даана ATACMS ракетасы, Британ өндүрүшүндөгү 6 даана Storm Shadow ракетасы жана 31 учкучсуз аппараттын Орусиянын абадан коргонуу системалары тарабынан аймактын үстүнөн атып түшүрүлгөнү, кол салуу аракетинде каза болгондордун жана жаралангандардын болбогону белгиленди.

Министрликтин билдирүүсүндө, Кара деңиздин үстүнөн эки Storm Shadow ракетасынын атып түшүрүлгөнү тууралуу маалымат да бөлүшүлүп, «Батыш тарабынан колдоого алынган Киев башкаруусунун аракеттери жоопсуз калбайт»,-деп айтылды.

Өткөн жылы АКШ менен Улуу Британия Украинага Орусиянын аймагына алыс аралыкка атуучу курал менен сокку урууга уруксат бергени кабарланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги да Украинанын Орусия аймагына ATACMS жана Storm Shadow ракеталары менен бир нече жолу чабуул жасаганын жана жооп катары алар Украинанын энергетикалык активдерине жогорку тактыктагы куралдар менен сокку урганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар