Түштүк Кореяда камакка алынган Юн сурак берүүдөн баш тартты

Түштүк Кореяда президенттик кызматынан алыстатылган жана жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде бүгүн камакка алынган Юн Сук Ёл сурак берүүдөн баш тартты.

2230818
Түштүк Кореяда камакка алынган Юн  сурак берүүдөн баш тартты

Түштүк Кореяда президенттик кызматынан алыстатылган жана жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде бүгүн камакка алынган Юн Сук Ёл сурак берүүдөн баш тартты.

Йонхаптын кабарына караганда Юн аскердик абал жарыялоосунун  43 -  күнүндө Коррупция боюнча териштирүү кеңсеси тарабынан камакка алынды.

Коррупция боюнча териштирүү кеңсесинин борбор шаар Сеулдун түштүгүндөгү Гвачхондогу кеңсесине алып барылган Юн сурак берүүдөн баш тартты.

Юндун адвокаттары камакка алуу токтомунун эч кандай ыйгарым укуксуз чыгарылганын жана аны иликтөө үчүн түзүлгөн топтун юридикалык укугунун жок экендигин айтышты.

Камакка алуу чечимине Юндун тарапкерлери да каршылык көрсөттү.

Коррупция боюнча териштирүү кеңсесинин кампусунун коопсуздугу үчүн милдеттендирилген  3000ге жакын кызматкер менен Юндун тарапкерлеринин арасында кагылышуу чыкты.

Түштүк Кореянын Улуттук парламентинин  3 -  декабрдагы аскердик абалды жарыялоосу конституцияга терс деген негиз менен  2024 -  жылы  14 -  декабрда кызматтан алыстатылган Юн камакка алынган биринчи мамлекет башчы болду.

Камакка алуу президенттик турак жайда тергөөчүлөр менен Юндун командасынын ортосунда көптөгөн сааттарга созулган сүйлөшүүлөрдүн акырында болду.

Юн камакка алынгандан кийин жарыялаган бидирүүсүндө : «Бул канчалык мыйзамсыз тергөө болсо да кан төгүүнүн жолун алдын алуу үчүн Коррупция териштирүү кеңсесинин алдына чыгууга чечим чыгардым»,- деди.

Тергөөчүлөрдүн  Юнду расмий камакка алуу үчүн сотко кайрылууга 48 сааты бар.

Мамлекет башчысы Юн Сук Ёл  3 -  декабрда түнү «оппозициянын мамлекетке каршы аракеттерге аралашкан» деген негиз менен аскердик абал жарыялаган бирок парламенттин бул чечимди жоюшу менен артка кадам таштоого мажбур болду.

 

 

 



Тектеш кабарлар