Түштүк Кореяда Юн камакка алынды

Бийлик Юндун 3-декабрда жарыяланган аскердик абалга байланыштуу баш аламандык уюштурган деген айып менен камакка алынгандыгын жарыялады.

2230738
Түштүк Кореяда  Юн камакка алынды

Түштүк Кореяда президенттик кызматтан алынган Юн Сук Ёл камакка алынды.

Бийлик Юндун 3-декабрда жарыяланган аскердик абалга байланыштуу баш аламандык уюштурган деген айып менен камакка алынгандыгын жарыялады.

Түштүк Кореядагы тополоңдон кийин 3000ден ашуун полиция кызматкери Юнду кармоо үчүн борбор шаар Сеулдагы турак жайы жайгашкан жерге барды.  Бул жерде милицияга президенттин коопсуздук кызматы тоскоолдук кылды.
Коопсуздук кызматкерлери бир канча убакыттан кийин турак жайга кирип Юнду кармады. 

Коопсуздук күчтөрү буга чейин да  Юнду кармоо үчүн үйүнө барышкан, бирок полиция менен күзөтчүлөрдүн ортосунда жаңжал чыгып, Юн кармалган эмес.

Президент Юн Сук Ёл 3-декабрга караган түнү "оппозиция мамлекетке каршы аракеттерге аралашты" деген негиз менен аскердик абал жарыялаган, бирок парламент бул чечимди жокко чыгаргандан кийин артка чегинүүгө аргасыз болгон.



Тектеш кабарлар