Трамп чет элдик булактардан алынган кирешелерди чогултуу үчүн агенттик түзөт
Дональд Трамп Truth Social социалдык медиа эсебинен бул тууралуу маалымат берди.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп бажы төлөмдөрүн, салыктар жана чет элдик булактардан алынган бардык кирешелерди чогултуу менен милдетин аткара турган жаңы бир агенттик түзө тургандыгын жарыялады.
Дональд Трамп Truth Social социалдык медиа эсебинен бул тууралуу маалымат берди.
Трамп өтө көп убакыттан бери Ички киреше кызматы (IRS) аркылуу калкка салык салгандарын айтып : "Өзүбүзгө салык салып жатып жумшак жана алсыз соода келишимдер менен Американын экономикасы дүйнөгө өсүү жана бейпилдикти сунуштады. Эми муну өзгөртүүнүн убактысы келди. Бүгүн тарифтерибизди, милдеттерибизди жана чет элдик булактардан түшкөн бардык кирешелерди чогултуу үчүн Тышкы кирешелер башкармалыгын түзөрүмдү жарыялаймын",- деди.
АКШда соода жолу менен акча тапкандардан акы ала баштай тургандарын айткан Трамп : «Акырында адилеттүү түрдө өз үлүшүн төлөй башташат»,-деди.