Россия Украинанын энергетикалык инфраструктурасына кол салды
Украинанын президенти Владимир Зеленский : «Кыштын ортосундабыз жана орустардын максаты ошол эле : энергетика секторубуз",- деди.

Орус армиясынын Украинанын энергетикалык инфраструктурасына ракеталарды жана учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) колдонуу менен кол салгандыгы билдирилди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский социалдык медиа эсебинде жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Россиянын өлкөсүнө катуу абадан кол салганын белгилеп: «Кыштын ортосундабыз жана орустардын максаты ошол эле : энергетика секторубуз",- деди.
Орус армиясынын бул кол салууда баллистикалык ракеталар менен кошо 40тан ашуун ракета колдонгонун белгилеген Зеленский, Украинанын абадан коргонуу күчтөрү тарабынан кеминде 30 ракетанын жок кылынгандыгын айтты.
Орустардын кол салууда 70тен ашуун учкучсуз учак колдонгондугу тууралуу маалымат берген Зеленский: «Украина аба калканчынын болгон мүмкүнчүлүктөрүн тынымсыз күчөтүшүбүз керек»,-деди.
Зеленский билдирүүсүндө Германиядагы Украина боюнча «Рамштейн» форматындагы жолугушууларда жана АКШнын борбору Вашингтондо өткөн НАТОнун саммитинде өлкөсүнө карата абадан коргонуу боюнча колдоо тууралуу кабыл алынган чечимдердин азырынча толугу менен ишке ашырылбагандыгын да белгиледи.
Украинанын абадан коргонуу системаларын өндүрүүгө лицензия алуу үчүн жакында союздаш өлкөлөр менен жолугушкандыгын эске салыган Зеленский бул чечимдин өлкөсү үчүн коопсуздук кепилдиги боло аларын белгиледи.