ЕБ менен АКШнын чип боюнча чыңалуусу

Еврокомиссиянын технология боюнча вице-президенти Хенна Вирккунен жана Евробиримдиктин соода жана экономикалык коопсуздук боюнча комиссары Марос Сефкович тема боюнча биргелешкен билдирүү жасашты.

2230836
ЕБ менен АКШнын чип боюнча чыңалуусу

Европа Биримдиги (ЕБ) Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) кээ бир Биримдик өлкөлөрүнө жасалма интеллект үчүн колдонулган өнүккөн чиптердин экспортун чектөө чечимине реакция кылды.

Еврокомиссиянын технология боюнча вице-президенти Хенна Вирккунен жана Евробиримдиктин соода жана экономикалык коопсуздук боюнча комиссары Марос Сефкович АКШ администрациясынын жасалма интеллект үчүн колдонулган өнүккөн чиптердин экспортун күчөтүүгө багытталган жаңы жобосу боюнча биргелешкен билдирүү жасашты.

Билдирүүдө, «Биз АКШнын Европа Биримдигинин айрым мүчө-мамлекеттерине жана компанияларына алдыңкы ЖИ чиптерин экспорттоо мүмкүнчүлүгүн чектеген чараларына тынчсызданып жатабыз», - деп айтылды.

Евробиримдиктин өнүккөн жасалма интеллект чиптерин эч кандай чектөөсүз сатып алуусунун экономикалык жана коопсуздук жагынан АКШнын кызыкчылыгында экени белгиленген билдирүүдө, Европа Биримдигинин АКШ менен өзгөчө коопсуздук тармагында тыгыз кызматташтыгы эске салынды.

Билдирүүдө Евробиримдик өлкөлөрүнүн АКШ үчүн коопсуздук коркунучун жаратпагандыгы жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү сунуштагандыгы белгиленди.

Билдирүүдө Евробиримдик тараптын тынчсызданууларын АКШнын учурдагы администрациясы менен бөлүшкөнү, Бул темада АКШнын жаңы администрациясы менен конструктивдүү байланыш түзүүгө аракет кылына турганы жана жасалма интеллект технологиясы жана суперкомпьютерлер үчүн коопсуз трансатлантикалык камсыздоо чынжырынын түзүлүшү мүмкүн экендиги белгиленди.

АКШ бир күн мурун жасалма интеллект чиптерин экспорттоо боюнча жаңы эрежелерди жарыялаган.

Бул контекстте, Австралия, Бельгия, Канада, Дания, Финляндия, Франция, Германия, Ирландия, Италия, Япония, Нидерландия, Жаңы Зеландия, Норвегия, Түштүк Корея, Испания, Швеция, Тайвань, Улуу Британия жана башка 18 союздаш жана өнөктөш өлкөлөргө чип сатууда эч кандай чектөөлөр колдонулбай турганы жана башка өлкөлөргө чектөөлөр киргизиле тургандыгы жарыяланган.



Тектеш кабарлар