Газада каза болгондордун саны 46 миң 707ге жетти

Израилдин Газа тилкесинде 466 күндөн бери улантып жаткан кол салууларына байланыштуу маалымат берилди.

2230874
Газада каза болгондордун саны 46 миң 707ге жетти

Израиль 467 күндөн бери кол салып жаткан Газада каза болгондордун саны 46 миң 707ге жетти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө, Израилдин Газа тилкесинде 466 күндөн бери улантып жаткан кол салууларына байланыштуу маалымат берилди.

Билдирүүдө Израиль армиясынын акыркы 24 саатта Газа тилкесинин ар кайсы жерлериндеги 6 кыргынында 62 кишинин каза болгону, 253 кишинин жараланганы белгиленди.

Израилдин 2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесине жасаган кол салууларында каза тапкандардын саны 46 миң 707ге, жаракат алгандардын саны 110 миң 265ке жеткени кабарланды.

Билдирүүдө урандылардын астында жана жол жээгинде дагы деле жансыз денелердин бар экени, бирок израилдик күчтөрдүн тоскоолдугунан улам медициналык топтор менен жарандык коргонуу өкүлдөрүнүн бул сөөктөргө жете албаганы кайталанды.



Тектеш кабарлар