Файон Палестина мамлекетинин таанылышын колдойт

Таня Файон Анадолу агенттигине (AA) маалымат берди.

2230814
Файон Палестина мамлекетинин таанылышын колдойт

Словениянын вице-премьер-министри Таня Файон Израилдин Газага кол салууларын токтотууну жана көз карандысыз Палестина мамлекетин таанууну колдогонун билдирди.

Таня Файон Анадолу агенттигине (AA) маалымат берди.

Түркия менен Словениянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө басым жасаган Файон, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын күчтөнүп жатканын айтты.

Таня Файон Орусия-Украина согушунда Украинанын жанында экендиктерин жана тынчтык демилгелерин колдогондорун билдирди.

Газадагы гуманитардык трагедияны айыптаган жана Израилдин кол салууларынын токтошу керектигин баса белгилеген Файон: «Словения көз карандысыз жана эгемен Палестина мамлекетин ушул себептен тааныйт. Анткени биз Палестина мамлекети гана жанаша жашаган израилдиктер менен палестиналыктардын коопсуздугун кепилдей алат деп ишенебиз»,-деди.

Сириядагы Баас режиминин кулашынын Сирия үчүн «тарыхый мүмкүнчүлүк» болгонуна көңүл буруп, өлкөсүнүн процессти жакындан байкап жатканын айткан министр Файон: «Түркиянын абдан маанилүү ролду ойноорун билем. Бардыгын бириктирген, өлкөнүн келечеги үчүн коопсуздукту жана ырааттуулукту кепилдеген саясий өткөөл процесс болушу керек»,-деди.



Тектеш кабарлар