АКШдагы өрттү өчүрүү үчүн түрк компаниясынан сунуш

Таш суусун ойлоп тапкан жана чыгарган фирманын ээси Фарук Дурукан: «АКШ кааласа, жардам берүүгө даярбыз»,- деди.

2230742
АКШдагы өрттү өчүрүү үчүн түрк компаниясынан сунуш

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Лос-Анжелес шаары жана айланасында бир нече күндөн бери уланып жаткан өрттөн каза болгондордун саны 25ке жетти.

7-январдын кечинде башталган өрттөн 40 миң гектардан ашык жер күлгө айланып, каза болгондордун саны 25ке жетти.

Аба ырайынын шарттары да өрттү өчүрүүнү кыйындатууда.

150 миңден ашуун адамды эвакуациялоо буйругу чыгарылган аймакта 12 миңден ашуун үй зыян тартты.

Өрттөрдүн келтирген жалпы зыяны жана экономикалык чыгымы 250 - 275 миллиард долларга чейин деп болжолдонууда.

Бир тараптан түрк изилдөө фирмасы АКШга өрт өчүрүү сунушун билдирди.

Фирма тарабынан Балыкесирде өндүрүлгөн жана дүйнөнүн эң күчтүү токой өрт өчүргүчү катары мүнөздөлгөн «Таш суусу» экологиялык жактан таза түзүлүшү жана эффективдүүлүгү менен көңүлдөрдү бурат.

Таш суусунун эң негизги өзгөчөлүгү – колдонулган жерлерде өрттүн кайталануусуна бөгөт коюусу.

Таш суусун ойлоп тапкан жана чыгарган фирманын ээси Фарук Дурукан: «АКШ кааласа, жардам берүүгө даярбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар