АКШ Түркиянын коопсуздук маселесин түшүнгөнүн билдирди
Жон Кирби борбор шаар Вашингтондогу Тышкы басма сөз борборунда өткөргөн маалымат жыйынында Жо Байден башкаруусунун тышкы саясат күн тартибине баа берди.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ак үйдүн улуттук коопсуздук байланыш кеңешчиси Жон Кирби Түркиянын жикчил террор уюму ПКК/ЙПГге байланыштуу «мыйзамдуу коопсуздук тынчсыздануусун» түшүнүшкөндөрүн айтты.
Жон Кирби борбор шаар Вашингтондогу Тышкы басма сөз борборунда өткөргөн маалымат жыйынында Жо Байден башкаруусунун тышкы саясат күн тартибине баа берди.
Сириядагы абалдарды өткөөл процесстин алкагында да, ДЕАШ менен күрөшүүнүн алкагында да жакындан байкагандарын баса белгилеген Кирби Түркиянын коопсуздук маселелерине да, жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГга да мамилесин бөлүштү.
Кирби бир суроого: "Түркиянын чек арадагы мыйзамдуу коопсуздук тынчсыздануусун түшүнөбүз. Ал жактагы түрк жарандары жана түрк шаарлары ал чек арадан өткөн террористтердин кол салуусуна дуушар болушту. Түрктөр террордук чабуулдардан коргонууга толук укуктуу; Биз муну түшүнүп турабыз жана бул темада түрктөр менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз»,-деди.
Кирби бирок ДЕАШка каршы миссиянын үзгүлтүккө учурабашы керектигин жана Сириядагы SDG (жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ) «ДЕАШ менен күрөшүүдөн башка нерселерге» алаксышын каалабагандарын кошумчалады.
Кирби АКШнын Сириядагы аскерий болушуна да токтолуп: «Сирияда анча чоң эмес аскердик тобубуз бар жана аскерлерибиз ал жерде бир гана максат үчүн жүрөт. Ал болсо ДЕАШ менен күрөштү улантуу»,-деп баа берди.
Сириядагы өткөөл мезгилде ДЕАШтын жанданышына жол берилбесин белгилеген Кирби Сириядагы SDG (жикчил террор уюму ПКК/ЙПГ) менен өнөктөштүктөрү да ушул алкакта экенин белгилеп, бул кызматташтыктын уланышын каалагандарын айтты.
Тектеш кабарлар

Аляскада учак жоголду
Окуянын себеби азырынча белгисиз экени жана учакты издөө иштери уланып жатканы айтылды.