Афганистан АКШ менен туткундарды алмаштырууга даяр

Афганистан админстрациясы АКШ менен туткундарды алмаштырууга даяр экендерин бирок АКШ администрациясынын азырынча так кадам таштабагандыгын белгиледи.

2230772
Афганистан АКШ менен туткундарды алмаштырууга даяр

Афганистан админстрациясы АКШ менен туткундарды алмаштырууга даяр экендерин бирок АКШ администрациясынын азырынча так кадам таштабагандыгын белгиледи.

Афганистан убактылуу өкмөтүнүн катчысы Забихулла Мүжахид АКШ менен Афганистандын ортосунда ыктымалдуу туткундарды алмаштырууга байланыштуу Аму телекөрсөтүүсүнө маек берди. 

Мүжахид ыктымалдуу туткундарды алмашууга байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын бирок азырынча оң жыйынтыктала электигин айтып : "Афганистанда камакка алынган америкалыктардын ордуна Гуантанамодогу афган туткундардын бошотулушун сунуш кылдык бирок АКШ азырынча аракетке өтө элек",- деди. 

Афганистанда 2022 -  жылдан бери камакта кармалган Жорж Глезманн, Райан Корбетт жана Махмуд Шах Хабибинин бошотулушу үчүн тараптардын ортосунда болжол менен 6 айдан бери сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Буга чейин түрдүү медиа мекемелеринде чыккан кабарларда Гуантанамо абагында кармалган Музаммед Рахим ал  - Афганинин ордуна Афганистандагы бактарда кармалып турган АКШ жарандарынын бошотулушу тууралуу эки өлкөнүн арасында сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүп жаткандыгы билдирилген. 

 



Тектеш кабарлар