Санчес: "Түркия менен карым-катнаштарды дагы да бекемдешибиз керек"
Санчес, Мадридде эки күндөн бери уланып жаткан жана бүгүн аяктай турган 9-Испан элчилер конференциясында сөз сүйлөдү.
2230539

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Жакынкы Чыгыштагы саясаттарынын алкагында Түркия менен карым-катнаштарды дагы да күчтөндүрүү керек экенин айтты.
Мадридде эки күндөн бери уланып жаткан жана бүгүн аяктай турган 9-Испан элчилер конференциясында сөз сүйлөгөн Санчес, Испаниянын Жакынкы Чыгышта да, Украинада да тынчтык, ырааттуулук, эл аралык укук жана адам укуктарын урматтоонун негизинде иш-аракет кылганын айтты.
Өзгөчө Жакынкы Чыгышта аймактык өлкөлөр менен диалогду арттыруулары керектигин баса белгилеген Санчес: "Түркия менен карым-катнаштарды дагы да бекемдешибиз керек",- деди.