ПКК Сирияда тарапкерлерине машыгуу өткөрүп жатат
Жикчил террордук уюм 3-январдан тарта Иран жана Иракта чогулткан тарапкерлеринен 1300 эркек жана аялды Сирияга алып келди.

Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ Сириядагы басып алуусун күчтөндүрүү үчүн Ирак жана Ирандан ташып келген тарапкерлерине куралдуу машыгууларды өткөрүп жатат.
Жикчил террордук уюм 3-январдан тарта Иран жана Иракта чогулткан тарапкерлеринен 1300 эркек жана аялды Сирияга алып келди.
Уюм Түркиянын ыктымал аскерий операциясына каршы Айнуларабдагы (Кобани) оккупацияны күчөтүү үчүн Сирия аймагына алып келген колдоочуларын Хасака провинциясынын борбору жана Камышлы районуна чогултууда.
Террорчулар аталган жерлерде чогулган колдоочуларын Ракка жана Дейр-эз-Зордогу лагерлерине алып барышууда.
Сирия жеринин үчтөн бирин басып алууну уланткан ПКК/ЙПГ террордук элементтердин Ирактын түндүгүнөн Сириянын түндүк-чыгышына логистикалык линия аркылуу өтүшүн камсыз кылууда.
Сириядагы чет элдик террористтер өлкөдөн чыгып кетиши керек деген билдирүүлөр
Өткөн жумада тышкы иштер министри Хакан Фидан: «Биз аларга (ПКК/ЙПГ) берген ультиматум ачык эле көрүнүп турат. Муну америкалыктар жана басма сөз аркылуу да бердик. Эл аралык террорист согушкер мүнөзүндөгү, Түркия, Иран, Ирактан келгендер Сириядан (сөзсүз) кетиши керек»,-деп айткан.
АКШнын мамлекеттик катчысынын саясий иштер боюнча орун басары Жон Басс да Түркиянын коопсуздук тынчсыздануусун түшүнүшкөндөрүн жана Сириядагы чет элдик террористтердин өлкөдөн чыгып кетиши керектигин айткан.