Палестиналык министр Түркиянын колдоосун жогору баалады
Хижави Түркиянын Кудстагы башкы консулу Исмаил Чобаноглун Рамалладагы кеңсесинде кабыл алды.

Палестинанын жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри Сами Ахмед Ариф Хижави, Түркиянын Палестина элине көрсөткөн колдоосун мактап, биргеликте иштешүү тармактарын кеңейтүүгө чакырды.
Палестинанын жергиликтүү башкаруу министрлигинен берилген маалыматка караганда, Хижави Түркиянын Кудстагы башкы консулу Исмаил Чобаноглун Рамалладагы кеңсесинде кабыл алды.
Жолугушууда Түркиянын Палестина элине колдоосу жана эки өлкөнүн карым-катнаштары талкууланды.
Түркиянын Палестинага «өтө маанилүү тармактарда» көрсөткөн колдоосунун маанисин баса белгилеген Хижави, Палестина менен түрк муниципалитеттеринин ортосундагы бир туугандык карым-катнаштарды бекемдөө, орток тажрыйбаларды колдонуу жана өзгөчө муниципалдык иштер, потенциалды жогорулатуу жана жабдуулар жагынан колдоо боюнча биргелешкен иштердин багыттарын кеңейтүү керектигин билдирди.
Палестиналык министр Чобаноглуна, Израилдин кол салуулары аяктагандан кийин Газада жасалышы пландалган иштер, гуманитардык жардам көрсөтүү аракеттери жана өкмөттүн негизги азык-түлүктөрдү камсыздоо аракеттери тууралуу маалымат берди.
Хижави Израилдин кол салууларынын натыйжасында инфраструктура, коомдук объектилер, суу, электр энергиясы, канализация жана байланыш тармактарындагы чоң зыян жана кыйроолордон улам министрликтин Газадагы муниципалитеттерге тез каржылык колдоо көрсөтүү үчүн интенсивдүү аракеттерди көрүп жатканын айтты.
Израилдин Газага кол салуулары күчөп, гуманитардык абал курчуп кеткенден кийин Түркия жана башка кээ бир өлкөлөр гуманитардык жардамдарды Египеттин Аль-Ариш аэропортуна жеткирүү үчүн ыкчам аракетке өтүп, бирок Израиль бул жардамдардын көбүнүн Газага жетүүсүнө бөгөт болгон.
Тектеш кабарлар

АКШ Израилге курал сатууну бекитти
АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилге 7,4 миллиард долларлык жаңы курал сатат.