Пакистанда терроризмге каршы күрөш
Аймакта жүргүзүлгөн рейдде 27 террористтин жок кылынганы маалымдалды.
2230251

Пакистан армиясы 27 террористти жок кылды.
Армия тарабынан жарыяланган билдирүүдө, өткөн күнү Белужистандын Каччи аймагында террористтердин бар экени тууралуу маалымат түшкөнү кабарланды.
Аймакта жүргүзүлгөн рейдде 27 террористтин жок кылынганы маалымдалды.
Операцияда көп сандаган курал-жарак, ок-дары жана жардыргыч заттын колго түшүрүлгөнү, Белужистандын тынчтыгын, ырааттуулугун жана илгерилешин бузуу аракетине каршы укук коргоо күчтөрүнүн бөгөт коюуга чечкиндүү экени баса белгиленди.
Тектеш кабарлар

Израиль-Хамас сүйлөшүүлөрү
Катардын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мажид аль-Ансари маалымат берди.