Орусия Google компаниясына 8 миллиард рубль айып салды
Google компаниясына каршы козголгон доо борбор Москвада каралды.
2230534

Орусияда Google мурунку айып пулдарын төлөбөгөнү үчүн 8 миллиард рубль (болжол менен 78 миллион доллар) айыпка жыгылды.
Google компаниясына каршы козголгон доо борбор Москвада каралды.
Платформа буга чейин салынган айыптарды төлөбөгөндүктөн мыйзамга баш ийбегенин аныктаган сот, Google компаниясын 8 миллиард рубль айып төлөөгө милдеттендирди.
Өлкөдө Google'дан тышкары Apple, X, Instagram жана Facebook сыяктуу ар кандай чет элдик платформаларга да кээ бир мазмунга кирүүгө тыюу салбаганы үчүн айып пул салынды.