Лос-Анжелесте катуу шамал эскертүүсү
Лос-Анжелес округунун чек арасынын ичиндеги 3 аймакта өрттөр дагы деле өчүрүлө элек.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Лос-Анжелес жана айланасында 8 күндөн бери уланып жаткан өрткө каршы күрөштү татаалдаштырган катуу шамалдын кайрадан таасирдүү болушу мүмкүн экенине байланыштуу жергиликтүү тургундарга эскертүү берилди.
Лос-Анжелес округунун чек арасынын ичиндеги 3 аймакта өрттөр дагы деле өчүрүлө элек.
Итон жана Палисейдс өрттөрү көптөгөн аймактарда миңдеген үйлөргө коркунуч туудурууда.
Шаршембиге чейин улана турган катуу шамал жана төмөн нымдуулуктан улам аймакта «кызыл желек» эскертүүсү берилди.
Шамал күчөп ылдамдыгы саатына 70-110 чакырымга жетиши күтүлүүдө.
Лос-Анжелес жана айланасындагы өрттөр 160 чарчы километрден ашык аянтты күлгө айландырды.
Итон жана Палисейдс өрттөрүндө кеминде 24 адам каза болуп, 23 адам дайынсыз болууда.
Болжол менен 150 миң киши үчүн эвакуациялоо буйругу берилди.
Апааттан 12 миңден ашуун үй зыян тартты.
Жалпы зыян жана уланып жаткан өрттөрдүн экономикалык жоготуулары 250-275 миллиард долларга жетиши мүмкүн экени айтылууда.