Хуситтер : Израилдин коргоо министрлигин бутага алдык
Хуситтердин аскердик катчысы Яхя Сери жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин коргоо министрлигин "Палестина 2" деп аталган cупер үндүү ракета менен аткандарын ортого салды.

Йеменден атылган ракетадан кийин жүз миңдеген киши баш калкалоочу жерлерге барган Израилде 11 киши жараланды.
Израиль чукул жардам кызматы Маген Давид Адомдон (Кызыл Давуд жылдызы) берилген маалыматта баш калкалоочу жайларга барууга аракет кылган 11 израилдиктин жараланганы, 4 кишинин паникага кабылгандыгы белгиленди.
Хуситтердин аскердик катчысы Яхя Сери жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин коргоо министрлигин "Палестина 2" деп аталган cупер үндүү ракета менен аткандарын ортого салды.
Израиль абадан коргоо системаларынын иштебей калгандыгын жана супер үндүү ракетанын бутага ийгиликтүү жеткендигин айткан Сери мунун акыркы 12 саатта Изриалге карата жасалган үчүнчү кол салуу болгондугун белгиледи.
Бир тараптан Израиль армисынын Х эсебинен берген билдирүүсүндө Йеменден атылган баллистикалык ракеталардан улам өлкөнүн бир топ аймагында сирена үндөрүнүн угулгандыгы билдирилди.
Йеменден учурулган ракетанын абадан коргонуу системалары тарабынан жардырылгандыгына көңүл бурулган билдирүүдө каза болгондордун болбогондугу маалымдалды.
Израиль армиясы кечээ Йеменден өлкөнүн түштүгүнө карай атылган учкучсуз учуучу учуучу аппараттын жардырылгандыгын жарыялаган.
Хусттер Израилге карата бат бат ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салууда.